Автоматташтыруу - өндүрүштө жана маалыматтарды иштетүүдө адамдын кол жана акыл эмгегин алмаштыруу максатында түрдүү техникалык түзүлмөлөрдү жана башкаруу системасын пайдалануу. Автоматташтыруу терминин Ф. Тейлор (АКШ) киргизген (1880). Анын технологияны, өндүрүштү, маалымат процесстерин, долбоорлоо иштерин автоматташтыруу сыяктуу түрлөрү бар. Азыркы эсептөө техникасынын түрүн, түзүлмөсүн жасоодо түрдүү автоматташтыруу системалары колдонулат. Эсептөө техникасынан тышкары, автоматташтыруу системаларынын техникалык базасы аркыл бергичтерден (датчик), өлчөөчү прибордон, аткаруучу жана өзгөртүүчү түзүлмөдөн турат жана аларда робот-техникалык, телекоммуникациялык түзүлмөлөр кеңири колдонулат. Микроэлектрониканын, эсептөөчү техниканын жана анын программалык камсыздоо тармактарынын өсүшү менен материалдык өндүрүштүн коммуникациялык чөйрөсүн, адамзаттын интеллектуалдык иш тармагын автоматташтырууга шарт түзүлдү. Адамдын физиологиялык мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен космосто, ядролук технологияда, согуш ишинде жана башкалардагы технологиялык процесстер жана жумуштар автоматташтырылган. Автоматташтыруу эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүүнүн, чыгарылган товардын сапатын жакшыртуунун, анын өз наркын төмөндөтүүнүн негизи.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1