Автоматташтырылган окутуу системасы (АОС)

Автоматташтырылган окутуу системасы (АОС)- жана аны түзүүгө байланышкан окуу программасы. ЭЭМди түрдүү предметти окутууда, билимди текшерүүдө, консультация жана маалымат берүүдө; окуучуга жекече мамиле кылуу менен убакытты кыскартууда жана окутуунун сапатын көтөрүүдө; окуу программасын иштеп чыгууда программалоонун алгоритмдик тилдерине салыштырмалуу убакытты 5 эсе кыскартууда; группалардын жана ар бир окуучунун окуу ишмердиги тууралуу жыйындарды уюштурууда жана статистикалык маалыматтарды эсептөөдө колдонулат; Ага төмөндөгүдөй талаптар коюлат: ал адаптацияланган, б. а. окуу процессинин конкреттүү керектөөсүнө ылайыкташтырылган болуусу, түрдүү окуу процессине карата универсалдуу келип, аны педагогикалык изилдөөлөрдө жана эксперименттерде колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек, ошондой эле ал окуу программаларын жана материалдарды дифференциациялоо жана кеңейтүү касиеттерине да ээ болуусу зарыл. Кеңири тараган АОСко төмөндөгүлөр кирет: «АОС ВУЗ» (ЭВМ ЕС үчүн), «Школьница», «Рига», «Радуга» (түрдүү типтеги персоналдык ЭЭМ үчүн).
Мисалы: академик А. П. Ершовдун жетектөөсү астында иштелип чыккан «Школьница» АОС окуучуларды ЭЭМдин мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга, программалоо ыктарын калыптандырууга, окуу процесстерин башкарууну уюштурууга, окуучулардын билимдерин автоматташтырылган контролдоону уюштурууга, математикалык, физикалык жана башка маселелердин чыгарылышын камсыздоого, машыгуу көнүгүүлөрүн өткөрүүгө, физикалык жана башка процесстердин жана кубулуштардын моделдөө жана имитация программасын колдонууга, оюн кырдаалынын негизинде маалымат кызыкчылыгын өстүрүүгө, ЭЭМди информациялык камсыздоо системасы катары колдонууга, ЭЭМди физикалык процесстердин жана кубулуштардын демонстрациясы үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Системанын киришүү тили болуп окуучуларга «Информатиканын негиздери жана эсептөө техникасы» окуу китебинен тааныш окуу-өндүрүштүк «Рапира» тили жана ошондой эле графиктерди чийүүгө, сүрөттөлүштү экранга чагылдырууга, мультфильм түзүүгө мүмкүн болгон «Шпага» графикалык пакети саналат. Башталгыч класстын окуучуларын окутуу үчүн Робик тили колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,