Автоматтык башкаруу системасы

Автоматтык башкаруу системасы - автоматтык (өзалдынча) тартипте объектинин физикалык чоңдуктарын көрсөтүлгөн программада өзгөртүүчү техникалык түзүлмөлөр тутуму. Анда ар кандай башкаруу маселелери коюлат. Алардын эң жөнөкөйү автоматтык турукташтыруу. Анын мындан тышкары ээрчиме жана программалык башкаруу жана башка түрлөрү бар. Турукташтыруучу башкарууда объектинин айрым физикалык чоңдуктары (мисалы, басым, температура, ылдамдык жана башка) берилген көрсөткүчтө кармалып турат. Учуучу аппараттарды (самолёт, ракета жана башка) автоматтык башкарууда траекториялык, терминалдык (чекиттик) жана автоматтык кондурууну башкаруулар орун алат. Системалар коюлган маселеге, шартка карата аныкталган, оптималдуу, ылайыкташкан (адаптивдүү) түрүндө курулат. Системада колдонулуучу сигналдын түрүнө карата үзгүлтүксүз, импульстук, санариптик (цифралык) деп бөлүнөт. Азыркы учурда көп мындай системалар микропроцессор техникасынын жана микроЭЭМдин негизинде курулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1