Автоматтык кондуруу - кондуруучу системадан жогорку тактыктагы сигналды алып, керек жабдуулар менен самолётту аэропортко отургузуучу ыкма. Азыркы учурда көптөгөн авиалайнерде колдонулуучу бул система 1964-ж. тажрыйбада текшерилип, 1965-ж. пайдаланыла баштаган. Күн бүркөктө же түн ичинде автоматтык кондуруу абдан натыйжалуу. Самолёт учкучтун жардамысыз коно турган тилкечеге автоматтык түрдө бет алдырылып, кыймылдаткычтарын өчүрүү менен токтоткучу (тормозу) ишке кирет. Автоматтык ок атуучу куралдар - атууда окту кыймылга келтирүүгө, кайталап октоого жана кезектеги окту атууга даярдоо үчүн күйгөн дарынын энергиясын колдонуучу куралдар (пулемет, пистолет-пулеметтор, автоматтык мылтыктар, замбиректер жана башка). 19-кылымдын экинчи жарымында пайда болгон. 1863-ж. Р. Пилон (Америка) биринчи жолу автоматтык куралды жасап чыккан. Россияда биринчи автоматтык ок атуучу курал Д. А. Рудницкий тарабынан жасалган. 1900-ж. башында көпчүлүк мамлекеттерде Мадсендин мылтык-пулемету, кийинчерээк амер. конструктор X. Максимдин пулемету кеңири пайдаланылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда (1941-45) В. А. Дегтярев, Ф. В. Токарев, Г. С. Шпагин, С. Г. Симонов жана башка тарабынан автоматтын жаңы үлгүлөрү жасалган. Азыркы учурда М. Г. Калашников, Е. Ф. Драгунов, Н. Ф. Макаров тарабынан конструкцияланган Автоматтык ок атуучу куралдар КРнын Куралдуу күчтөрүнүн, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине пайдаланууга киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1