Автордук сөз (речь) - каармандын мүнөзүн, жекече абалын, кыймыл-аракетин, айлана-чөйрөгө карата мамилесин, табият буюмдардын кубулуштарын жазуучунун өз сөзү менен сүрөттөөсү.

Көркөм чыгармада тил айрыкча мааниге ээ. Анткени көркөм образдар, мүнөздөр, окуялар жана башкалардын бардыгы сөздүн жардамы менен берилет. Чыгармаларда катышуучу каармандардын социалдык-психологиялык абалына, кесибине, жеке өзгөчөлүгүнө, жашына ылайык ар биринин ар башкача сөзү (речь) болуу менен бирге өз сөзү (речь) да болушу керек. Мис., Т. Сыдыкбеков «Биздин замандын кишилери» романыңда Любанын «Б» колхозуна келип, Касейиндин үйүндө болушун, анын Украинадагы турмушун өзүнүн сөзү менен сүрөттөйт. Кээде лирикалык чегинүү, чыгармалардагы окуялар менен каармандардын иштери түздөн-түз байланышпай, автордун окуяга карата болгон мамилесин көрсөтүп, белгилүү окуя жөнүңдөгү мурунку баяңдоону толуктаган учуру да автордук сөз (речь) болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4