Автордук укук - адабият, илим, искусство чыгармаларын жаратууга жана пайдаланууга байланыштуу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жарандык укуктун бөлүгү; интеллектуалдык менчик укугунун же жеке укуктун бир түрү. Автордук укук. чыгарманын авторунун укуктарын [чыгарманы жаратуу, аны пайдалануу, кайталап колдонууга ] кайрадан басып чыгарууга жол берген жекече мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат. Жекече мүлктүк эмес автордук укукка (автордун, авторлоштордун) автордук наамга укугу, чыгарманын кол тийгистигине көрсөтүлгөн укук кирет. Автор чыгармасын өз аты, псевдоним менен же атын көрсөтпөй чыгарууга укуктуу. Анын макулдугусуз чыгармага кошумча-алымча киргизүүгө, өзгөртүүгө, иллюстрация, кириш сөз жана түшүндүрмө менен толуктоого жол берилбейт. Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипке ылайык, автор чыгармасын алгач жарыялатуу маселесин чечүүгө катышууга жана автордук келишим түзүү менен чыгарманын пайдаланылышын тескөөгө, ошондой эле чыгарманы башка тилдерге котортууга, башка түрдөгү чыгармага айландырууга (мисалы, романды пьесага же сценарийге алмаштыруу), кайра иштеп чыгууга укуктуу. Автордук укук анын авторуна өмүр бою таандык. Көзү өткөн автордун автордук укугу мыйзамда белгиленген тартипте 50 жылдык мөөнөткө автордун мурасчыларына өтөт. Мөөнөтү бүткөн соң, чыгарма мамлекеттин энчиси деп жарыяланып, автордук укук мамлекетке өтөт. Мүлктүк автордук укукка чыгарманы кайрадан чыгарууга, жарыялоого жана сатууга, мазмунуна жана формасына ж. б. болгон укуктар кирет. Автордук укук эл аралык деңгээлде таанылган коргоо белгисине ээ жана ал үч элементтен: С белгиси; автордук укукка ээ болгон адамдын аты-жөнү же чыгарманын аталышы; чыгарманын биринчи жолу жарыяланган жылынан турат. Автордук укук корголгон чыгармаларды кайра чыгаруу, пайдалануу атайын келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Ар бир чыгарылган жана сатылган нуска үчүн автордук калемакы төлөнөт. Автордук укук адабий уурулуктан (плагиаттан) жана «адабий карактоочулуктан» (пиратчылыктан) коргойт. Кинофильмдер жана телеберүүлөр үчүн калемакы алардын түзүүчүлөрүнө, дистрибьютер-компанияларга ар бир көрсөтүлүшү, ал эми музыкант, композиторлорго ар бир уктурулушу үчүн төлөнөт. Көпчүлүк өлкөлөрдө компьютердик программалар адабий эмгектер сыяктуу эле коргоого алынган. Ал эми сүрөттөрдүн көчүрмөлөрүн айрым учурда илимий иштерге пайдаланууга уруксат берилет. Автордун жана анын укук мураскерлеринин бузулган автордук укуктарын калыбына келтирүү, чыгарманы жарыялоого тыюу салуу же аны таратууну токтотуу, укукту калыбына келтирүү доосу боюнча сот тартибинде чечилет. КРнын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллект менчиги боюнча мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) авторлорго зарыл укуктук көмөк көрсөтөт. Автордук укук жөнүндөгү мыйзамдар 15-кылымда И. Гутенбергдин басма станогун ойлоп табуусунан кийин калыптана баштаган, бирок алгач мындай мыйзамдар китеп басып чыгаруучулардын гана кызыкчылыгын коргогон. Китеп басып чыгаруу жана сатуунун өнүгүүсү, авторлордун да өз кызыкчылыгын коргоосун камсыз кылууга алып келген. Бул чөйрөдөгү алгачкы мыйзам королева Аннанын Статусу (1710, Улуу Британия) эсептелет. 18-19-кылымда европалык мамлекеттердин көпчүлүгү Автордук укук жөнүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алышкан. 19-кылымдын 1-жарымында көптөгөн өлкөлөр автордук укукту коргоо боюнча өз ара эки тараптуу макулдашууларды түзүшкөн. 1886-ж. «Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндөгү Берн конвенциясынын» түзүлүшү менен авторлордун укуктарын коргоонун эл аралык системасы калыптана баштаган. 1952-ж. «Автордук укук жөнүндөгү Дүйнөлүк (Женева) конвенцияга» кол коюлуп, аталган конвенция Автордук укуктун эл аралык корголушунун принциптерин жана эрежелерин тактаган. Автордук укук чөйрөсүндө бир нече эл аралык уюмдар, анын ичинде Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюму (ИМДУ) жана ЮНЕСКО иш жүргүзүшөт.

Колдонулган адабияттар:

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1