Авторитардык бийлик (фр. autoritaire - өкүмчүл) - бийликке чексиз ээ болгон диктатордук өкүмдөр.

Авторитардык бийлик айрым инсандардын - жетекчинин өзүнө баш ийгендердин, жамааттын, ведомстволук мекемелердин иштерин башкаруунун бүт системасын толугу менен өз колуна топтоп, кабыл алынган башкаруучулук чечимдерден тартып, алардын аткарылышын көзөмөлдөө менен аяктаган өкүмчүлдүк. Башкаруунун бул түрүндө түшүнүк берип айкындоо, жамааттык талкуу, административдик башкаруу менен алмаштырылат; жамааттык иштелип чыккан жана илимий негизделген чечим жеке көрсөтмөлөр менен алмаштырылат; сын жана өзүн өзү сыноо - жазалоо адеми ачык - ашкерелик, көпчүлүктүн айткандарын угуу алардан сактануу ж.б. менен алмаштырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9