Автотескөөр - автодиспетчер (авто... жана англисче dispatcher тескөөр, жөндөгүч) тескөөрдүн (диспетчердин) ишин жарым-жартылай же толук бойдон автоматтык түрдө аткаруучу түзүлмө. Автотескөөргө башкаруучу эсептөө машинеси, оператор жана автоматташтырылган жумушчу орун, машине менен операторду байланыштыруучу байланыш каражаты, объекттердеги аткаруучу жана көзөмөлдөө органдары таандык. Ал башкарылуучу процесстин жүрүшү жөнүндөгү маалыматты чогултат; эсептөө жана логикалык операцияларды жүргүзөт; өндүрүштү башкаруунун ыңгайлуу багытын иштеп чыгат; кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашыруучу башкаруу таасирин же команда берет. Аны менен башкаруунун эки баскычы бар: төмөнкүсү башкаруучу эсептегич машине (БЭМ) ыкчам план түзүүчү «кеңеш берүү» режими (бирок аны тескөөр аткарат); жогоркусу тескери байланышы бар БЭМ жалаң гана план түзбөстөн, аны текшерүүчү автоматтык режимди иш жүзүнө ашырат. Ал суу электр станцияларында, транспортто, ыкчам байланыш учурунда, автоматташтыруунун ар кандай даражаларын камсыз кылуу менен технол. процесстерде башкарууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1