Автоучкуч, автопилот (авто ... жана французча pilote руль кармоочу, тизгинчи) учуучу аппараттардын (самолёт, вертолёт, башкарылуучу снаряд ж. б.) учушун автоматтык башкаруучу түзүлмө. Ал самолёттун учушуна жана ылдамдыгына байкоо жүргүзөт, пландалган параметрден кандайдыр четтөөлөр болгондо аларды жөнгө салат.

Анын системасы ар түрдүү болуп, канатты тең салмакта кармоочу жөнөкөй түзүлүштөн компьютердик түзүлүшкө чейин болот. Аны түзүүнүн схемасын орус окумуштуусу К. Э. Циолковский сунуш кылган (1898). Автоучкуч менен автоматтык башкарылуучу алгачкы самолетту 1914-ж. Парижде Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө Сперри (АКШ) фирмасы алып чыккан. Ал адегенде самолеттун бурчтук кыймылын турукташтыруу үчүн гана пайдаланылган, бул учкучсуз эле самолёттун белгилүү учуу режимин кармоого мүмкүндүк берген. СССРде алгачкы автоучкуч 1932-ж. жасалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1