Автофазировка — заряддуу бөлүкчөлөрдүн ылдамдаткычтарынын көпчүлүгүндө электрондордун, протондордун, альфа-бөлүкчөлөрдун жана көп заряддуу иондордун жогорку энергиядагы ылдамдануусун камсыз кылуучу кубулуш. 1944-ж. советтик физик В.И. Векслер, 1945-жылы америкалык физик Э. Макмиллан ачкан.
Циклотрондо бөлүкчөлөр туруктуу магнит талаасында айланат да, дуанттын ортосундагы жылчыктарда ылдамдатылат. Бөлүкчөнүн айлануу жыштыгы w жана өзгөрүлмө электр талаасынын өзгөртүү жыштыгы (w0 бири бирине барабар: w = eH/mc = w0; е, m — бөлүкчөнүн заряды жана массасы, с — жарыктын ылдамдыгы, Н — магнит талаасынын чыңалышы. Бөлүкчөнүн энергиясынын өсүшү менен анын массасынын релятивдик чоңоюшу жана магнит талаасы магниттин жылчыгынын борборунан четин көздөй бир аз азайгандыктан, w=w0 барабардыгы бузулат.
Резонанс бузулганда, бөлүкчөлөрдүн энергияларынын өсүшү тезинен токтолот. Магниттин жылчыгындагы магнит талаасынын чыңалышы же ылдамдатуучу талаанын жыштыгы убакытка карата жай өзгөрсө, анда W менен W0 ортосундагы резонанс орто эсеп менен бөлүкчөлөрдүн чоң тобу үчүн автоматтык түрдө кармалып турат, башкача aйтканда, Wорт — W0(t).
Бул кубулушту Векслер — автофазировка, Макмилан фазалык турактуулук деп атаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.