Авуарлар (французча avoir мүлк, актив) 1) кең маанисинде – эсебинен төлөм төлөнүүчү жана алардын ээлеринин милдеттенмелери жабылуучу ар түрдүү активдер (акча каражаттары, чектер, векселдер, которуулар,аккредитивдер); 2) тар мааниде банктын чет өлкөлүк банктардын эсебиндеги чет өлкөлүк валютадагы каражаттары (анын кассасы, башка банктардагы эсептер, өтүмдүү баалуу кагаздар, векселдер ж. б.). Бул каражаттардын кайсы бир өлкөгө тиешелүү суммасы анын чет өлкөлүк авуарларын түзөт да, анын эсебинен төлөмдөр төлөнөт жана милдеттенмелер жабылат, өлкөлөр ортосунда төлөм жүгүртүлөт. Дүйнөлүк чарбада жүгүртүүнүн көп бөлүгү АКШ долларында, Германиянын маркасында, Япониянын иенинде, Англиянын фунт стерлингинде жүргүзүлгөндүктөн, авуарлар. ушул валютада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1