Агалаташ акиташ теги кени

Агалаташ акиташ кени -Кыргызстандын Кант шаарынан 1820 км түндүк тарапта, Чүй суусунун оң жээгинде, Кындык тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 700–970 м бийиктикте. 1932-ж. Фрунзе шаараткомунун геологиялык чалгындоо партиясы ачкан.1956-82-ж. Кыргыз ССРнин геология башкармасы жана Курулуш материалдарын өндүрүүчү министрлиги чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягында пайда болгон акиташ, кумдук ж-а сланец тоотек катмарлары көрүнүп жатат. Акиташ массивдүү жана одоно катмарлуу болуп бөлүнөт. Акиташ тегинин жалпы көлөмүнүн 70%ин массивдүү түрү түзүп, цементтик сырьёго жарамдуу. Анын калыңдыгы 100 м ге жетет. Массивдүү акиташ 30% мергель менен кошо «500» ж-а «600» маркасындагы портланд-цементти алуу үчүн колдонулат. Акиташтын «Түштүк кыр» боюнча запасы А+В категориясы боюнча 35781 миң о, А+В+С3-117326 миң о, С2-2934 миң о. Цементтин чопо кошумчасы чополуу сланец. Кен 1964-жылдан жер үстүнөн ачык казып алынып, анын базасында Кант шифер-цемент заводу иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү