Агглютинация (медицина)бактериялардын, кан клетка элементтеринин (эритроцит ж. б.) бири бирине жабышып чөгүшү. Агглютинация жугуштуу оору менен ооругандардын, иммундалган адамдын жана жаныбарлардын канында болуучу антителонун өзгөчө заты — агглюТининдин таасири астында жүрөт. Агглюцинация реакциясы электролиттердин (хлордуу натрий ж. б. туздар) катышуусунда гана өтөт. Агглюцинация кан топторун, микробдордун түрүн жана тибин аныктоодо, жугуштуу оорулардын серодиагностикасында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8
  • Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine