Агглютинация (лингвистика)

Агглютинация (лингвистика) - (лат. agglutinatio - жалгоо, жабыштыруу) - негизге (уңгуга) мүчө жалгоо, тагыраак айтканда, уңгуга мүчөлөр биринен кийин экинчиси ырааттуу жалганып, грамматикалык ар кыл формалардын, категориялардын туюндурулушу жана мүчөлөр аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалышы, сөздөрдүн өзгөрүшү.

Агглютинатинацияда сөздү уңгу жана мүчөгө ажыратуу (бала+нын, кел+дим) так, ачык болот, анткени мүчө бир гана грамматикалык форманы туюндурат. Мисалы: студенттерди деген сөздүн уңгусу студент, -лар – көптүк мүчө, -ды – табыш жөндөмөнүн мүчөсү. Мында ар бир мүчө бир гана форманы туюндуруп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4