Агенттик
Агенттик – 1) кандайдыр бир мекеменин (жарандын, мамлекеттик же муниципалдык түзүлүштүн) ыйгарым укугу же тапшырыгы (м.: жарнама, риэлтор А-ги) боюнча иш алпарган уюм; 2) биркатар өлкөлөрдөгү мамлекеттик башкаруу органдарынын аталышы (м.: КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш А-ги); 3) айрым эларалык уюмдардын аталышы (м.: Атом кубаты боюнча эларалык А. – АКЭА).
==Колдонулган адабияттар==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7