Агенттик келишим – сыйпул акысы үчүн бир тарап (агент) бир тараптын (принципалдын) тапшырмасы боюнча өз атынан, бирок анын эсебинен, же анын атынан да, анын эсебинен дагы юридикалык ж. б. аракеттерди жасоо милдетин алган жарандык-укуктук келишим. Принципалдын аты бүтүмдө аталганына, же бүтүмдү аткаруу боюнча үчүнчү жак менен түздөн түз катышы бар экендигине карабастан, агенттин үчүнчү жак менен өз атынан, бирок принципалдын эсебинен жасаган бүтүмү боюнча, агент укукка ээлик кылуу менен, анын алдында милдеткер болуп калат. Агент бүтүмдү үчүнчү жак менен принципалдын атынан, жана да анын эсебинен жасаса, укук менен милдеттер принципалга тийешелүү болот. Эгер кат жүзүндө түзүлгөн агенттик келишимде принципалдын атынан бүтүм жасоого агенттин жалпы ыйгарым укуктары каралган болсо, үчүнчү жак менен мамилесинде агенттин тийешелүү ыйгарым укугу жок болчу деп шылтоолоого принципалдын акысы жок, ал үчүн агенттин ыйгарым укугунун чектелгендигин үчүнчү жактын биле тургандыгын, же билүүсү керек экендигин далилдеп берүүгө тийиш. Агенттик келишим белгилүү бир мөөнөткө, же аракет мөөнөтү көрсөтүлбөстөн түзүлөт. А. к-дин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү мыйзам тарабынан өзүнчө каралышы мүмкүн.[1]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7