Аглабиддер — Түндүк Африкадагы араб эмирлеринин династиясы (800-909); Аббасиддердин вассалы. Негиздөөчүсү Харун ар-Рашиддин Ифрикиядагы (азыркы Тунистеги) наместниги Ибрахим ибн аль-Аглаб (800-812) болгон. Аглабиддер Ифрикиянын түштүк уруулары негиздеген Тахерт имаматына каршы согуш жүргүзүшкөн. Аглабиддердин администртивдик жана маданий борбору Кайруан шаары болгон, ал эми ага жакын жайгашкан Каср-аль-Кадим чеби эмирлердин резиденциясына айланган. Аглабиддер мамлекети 909-ж. шииттердин соккусунан кыйраган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1