Агрардык өнөр жай (азык түлүк) комплекси

Агрардык өнөр жай (азык түлүк) комплекси - Айыл чарбасы тамак-аш өнөр жайы менен бирге Кыргызстанда экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет.

Азыр ал, башка тармактардай эле, кризисте турган чагы, бул көп жагынан айыл чарба өндүрүшчүлөрүндө финансылык ресурстардын жетишпегендиги, айыл чарбасында колдонулуп жаткан өнөр жай продукциясына баалардын кескин өсүшү, жер жана агрардык реформаны жүргүзүүдөгү чыгымдар жана бир катар башка себептер менен аныкталат.

Мунун натыйжасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү, малдын азыктуулугу төмөндөп, малдын башы азайып, айдоо аянттары кыскарды (жыл сайын 100 миң гектардан ашуун айдоолор пайдаланылбай кала берүүдө). Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн төмөндөп кетишине минералдык жер семирткичтерди колдонуунун азайышы (азыркы убакта жер семирткичтерди чачуу 1991жылга салыштырганда 26 эсеге кыскарды), жер сугаруунун начарлашы, жердин өзүнүн абалы, агротехникалык иш-чаралардын өз убагында жүргүзүлүп турбагандыгы жана бир катар башка себептер да таасирин тийгизди.

Малдын башы жылдан жылга азайгандан азаюуда. Кайра иштетип чыгуу өнөр жайынын көп тармактары өздөрүнүн өндүрүш кубаттуулугун араң эле 10-40%ке (консерва тармагы 7,5, май тармагы - 10, кондитер тармагы 19, кант тармагы - 20, крахмал-шире тармагы - 7,5%ке) иштешүүдө же сырьёнун жоктугунан токтоп турушат.

Эң жакынкы перспективага айыл чарбасынын негизги артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • ички рынокту азык-түлүк менен камсыз кылуу;
  • кайра иштетип чыгуучу тармактардын ишканаларын сырье менен камсыз кылуу;
  • экспортко кетүүчү азык-түлүк чыгаруу.

Эң жакынкы жылдардагы негизги стратегиялык милдет - бул өндүрүштүн чөгүшүн токтотуу жана анын акырындык менен жогорулашын камсыз кылуу. Республикада бул милдеттерди аткаруу ү-н толук мүмкүнчүлүктөрү (кайра иштетип чыгуучу ишканалардын кубаттуулуктары, зарыл эмгек, жер жана суу ресурстары) бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9