Агрофизика – (агрономиялык физика), (агро... жана физика) топурак жана өсүмдүктөгү физикалык процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физикалык шартты жөнгө салуучу ыкманы, каражатты колдонуу жөнүндөгү илим. Ал бир нече бөлүмдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы жана каражаттары. Агрофизика 20-кылымда калыптанган, азыркы табияттаануу илимдеринин, айрыкча физика жана биофизика ж. б. дын теориялык жетишкендиктеринин негизинде өнүгүүдө. Анын өнүгүшүндө орус окумуштуулары Д. Н. Прянишников, А. Г. Дояренко, Н. А. Качинский, А. Ф. Иоффе чоң салым киргизген. Агрофизикалык изилдөөлөрдө вегетациялык ж. б. ыкма жана так приборлор (өсүмдүктөгү физиологиялык процесстерди изилдөө, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүн аныктоо үчүн) колдонулат. Прибордун жардамы менен өсүмдүктөгү биологиялык процесстер, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүнүн абалы ж. б. жөнүндө маалымат алынат. Алынган маалыматтар топуракта ным сактоо, топуракта жылуулук режимин, үрөн себүү ыкмасын жакшыртуу ж. б. үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1