Агроэкосистема - негизги функциялары түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган жана агрохимиялык ыкмаларга таянган жасалма экологиялык шарттар. Агроэкосистема айыл чарба өндүрүш процессинин натыйжасында өзгөртүлүп түзүлгөн экосистема. Агроэкосистемага мисалы, айыл чарба талаалары, огород, бак, жүзүм багы жана жасалма тигилген токой тилкелери ж. б. Агроэкосистеманын негизин агроценоздор түзөт. Табигый биоценоздордон айырмасы Агроэкосистемада тирүү организмдердин түрүнүн кыскарганы байкалып турат. 0шондой эле, биологиялык түшүмдүүлүгү табигый экосистемадан алда канча жогору болот. Мисалы, мелүүн алкактын түшүмдүүлүгү болжол менен 150-1500 г/м2 болсо, ал эми иштетилип жаткан жерлерде 4000 г/м2, Гавайи аралында балкамыштын түшүмдүүлүгү 7000 г/м2ге жетет. Түшүмдүүлүктүн мындай кескин көтөрүлүшү ургалдуу ыкмаларын (жерсемирткичтерди көбүрөөк себүү ж. б.) колдонууга байланыштуу. Азыркы учурда Агроэкосистемалар Жер шарынын жер ресурстарынын 30%ке жакынын (айдоолор 10%, жайыттар жана чабындылар 20%) ээлейт. Агроэкосистеманын негизги түзүүчүлөрү: күрүч, буудай, жүгөрү, картөшкө, сулу, маниок, соя, арпа, акжүгөрү, таруу, балкамышы ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1