Агыбай уулу Ильяс (6.3.1974-ж.т„ Каныш-Кыя айылы) - куудул-пародист, обончу-аткаруучу.

  • Чыгармачылык жолун “Биз” тобунун катарында баштап,
  • 2000-жылдан куудул-пародист катары таанылган.
  • 1992-ж.Республикалык жаштардын «Жаштык ыры» аттуу фестивалында лауреат,
  • 1994-96-жылдары Орто-Азия аймагындагы конкурстарда алдынкы орундарга,
  • 2003-2004-жылдын «Жылдын мыкты куудулу» наамына,
  • 2005-жылы республикалык куудулдар конкурсунда башкы байгеге ээ болгон.
  • 2006-жылдан баштап Кыргыз телерадиосу тарабынан уюуштурулган «Мыскыл жана Тамашанын» алып баруучу куудулу болуп дайындалган.
  • Кыргызстандагы эн биринчи скетч шоуну (тамашалуу окуялар) тартып баштаган.
  • 2014-15-жылдары Кыргызстанда алгачкы жолу Зд форматта жалан куудулдардын үнүн пародиялап, «Мадагаскар 3» анимациялык фильмин «ЛЕОНУР» студиясы менен бирге кыргыз тилине которуп чыккан.
  • “Ошко саякат”, “Чалдардын окуялары” ж.б.күлкүлүү сатиралары эл арасында кеңири белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6