Адабий байланыштар жана таасирлер

Адабий байланыштар жана таасирлер – адабий процесстин өзгөчөлүү белгиси болуп, бир элдин, же бир жазуучунун чыгармачылыгын, болбосо бүтүндөй бир доордун адабиятынын башка доордун, элдин же жеке автордун чыгармачылыгы менен өз ара байланышын, таасирин, бири-бири менен алака- катышын көрсөтөт. Мис., азыркы кыргыз адабиятчылары биздин адабият менен орус, өзбек, казак адабияттарынын байланышын, Ч.Айтматовдун Орто Азия адабиятына тийгизген таасирин, улуттук фольклорубуз менен Сибирь элдеринин оозеки чыгармачылыгындагы байланыштарды: идеялык жакындыктарды сүрөттөө ыкмаларындагы образ түзүүдөгү ж.б. жалпылыктарды, тууроолорду ачып беришти. Академиктер: В.М. Жирмунский, Н. И. Конрад бүткүл Чыгыш жана Батыш адабиятындагы өз ара таасирлерди, байланыштарды изилдеп, эмгектерин жарыялашты. Адабий байланыштарды жана таасирлерди изилдөө адабий процессти жана жеке жазуучунун чыгармачылык өнөрканасын туура түшүнүүгө, искусствонун жалпылыгын жана жекелигин белгилөөгө жардам берет.

Адабият: түзөтүү

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3