Адабий кече – мектептеги, деги эле окуучулук жылдардагы эсте кала турган иш-чаралардан болууга тийиш.

Адабий кече ар түрдүү формалардын синтезинен, курамынан түзүлгөндүгү менен айырмаланат. Мындай кече жылына 4 – 5 жолу же андан да сейрек өткөрүлөт да, ага даярдык узакка созулат. Көбүнчө жазуучулардын юбилейине карата уюшулуп ага адабият мугалиминен тышкары китепканачы, сүрөт, ыр, эмгек мугалимдери, класс жетекчилер, администрациянын өкүлдөрү, ата-энелер жардам берүүгө тийиш, кыскасы, Адабий кече бүткүл мектеп өткөрүүчү иш-чара болуп саналат. Анда эң негизги роль – окуучуларга, өзгөчө адабий ийримдин катышуучуларына жүктөлөт. Ал кандай өтөт?

Мис., бир мектепте “Алыкул – кыргыз поэзиясынын чолпону” деген Адабий кече өткөрүлгөн. Адегенде адабият мугалими акындын чыг-лыгы жөнүндө кыска кириш сөз сүйлөдү, бир окуучу Алыкулдун өмүрүнө токтолду, экинчиси анын лирикалары жөнүндө айтты, үчүнчүсү поэмалары тууралуу баяндама жасады, төртүнчүсү “Алыкул – котормочу” деп, анын бул өнөрдөгү чыг-лыгы тууралуу маалымат берди. Булардын арасында акындын чыгармаларына жазылган обондуу ырлары аткарылып, айрым ыр-поэмаларына инценировкалар, пьесаларынанүзүндүлөр окуучулардын күчү менен коюлду, акындын ырлары окулду, грампластинка уктурулду. А. Осмонов жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөрү, сынчылардын пикирлери жаңырып, кинофрагмент, диафильм көрсөтүлдү.

Адабий кеченин программасы ар тараптуу, кызыктуу, жаңы болгону максатка ылайыктуу. Концерт, театрлаштырылган оюндар, адабий монтаж, көргөзмө, сочинение, “Манас” айтуу, көркөм окуу, сүрөт тартуу, адабий чыгарма жазуу боюнча конкурстарды, викторина, адабий оюндарды өткөрүү кеченин баркын көтөрөт. Мындай иш-чараны “поэзия кечеси”, “драма кечеси”, “жомок кечеси”, “кара сөз кечеси”, “лира кечеси”, “дастан кечеси” деп, адабий тектер жана жанрлар боюнча өткөрүүгө болот. Кеченин максаты – жазуучунун өмүрүн, чыгармачылыгын, анын адабий дүйнөсүн тереңирээк ачуу, адабий көрүнүштөргө, окуяларга терең сүңгүп кирүү, жамаатташып иштөөгө көнүгүү, билимдин чың жана бекем болушу үчүн көмөктөшүү.

Адабий кечени өткөрүү, уюштуруу чыгармачылык изденүүлөрдүн эркиндигин, ар кандай жаңы жолдорду жана формаларды, усулдарды табууну талап кылат. Адабий кече мектепте гана эмес, башка жамаат ичинде да өтөт


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3