Адабият кабинети мектепте адабий билим алуунун негизги булагы. Анын милдети – сабак өтүүгө ылайыкташуусу, адабият б-ча маалыматтарды берип туруу, тышкаркы иштерди (кече, КВН, викторина, көргөзмө, лекция, диспут ж. б.) уюштуруу. Анда окуу китептер, окуу үчүн кошумча адабияттар, көркөм чыгармалар, методикалык колдонмолор, көргөзмө куралдар, таркатма материалдар, иллюстрациялар, альбомдор, плакаттар, фоно-хрестоматиялар, грампластинка, магниттик тасмадагы жазуулар, окуу фильмдери, диафильмдер, диапозитивдер, видеомагнитофон тасмалары менен компьютерлер, СD, ошондой эле окуучулардын жазуу иштери, кошумча окуу үчүн сунуш кылынган адабияттардын тизмеси, класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү үчүн материалдар сакталат.

Булардын ар бирин оңой табуу үчүн тизме түзүлөт да, катары боюнча номерленет. Кабинет башчысы адабият мугалими болуп иштердин көбүн окуучулар аткарат. Балдар китеп топтойт, аларды сураган окуучуларга китепканадагыдай тартипте убактылуу пайдаланууга берилет. Көрүнүктүү чыгармалар – “Манас” эпосунун варианттары, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, Ч. Айтматов сыяктуу акын, жазуучулардын томдуктары, Кыргыз энциклопедиясынын бардык тому, “Манас” энциклопедиясы, адабият боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, Кыргызстан жазуучуларынын библиографиялык маалыматтама китептери сөзсүз болушу кажет.

Дубалда эстетикалык талапка ылайык кооз жасалган бурч болгону, аларды улам өзгөртүп, жаңыртып туруу максатка ылайык. Адабият жаңылыктарына, акын, жазуучулардын юбилейлерине өзүнчө жаңыртылма стенд уюштуруу керек. Кабинеттин пайдасы – анын ар кыл материалдарынын мүмкүн болушунча тезирээк алмашылып тургандыгында, эгерде анын дубалдарынын бетин “түбөлүккө алмашкыс нерселер” менен толтуруп койсо, кызыксыз болуп калат. Кыскасы Адабият кабинети мектептеги дайыма жандуу кыймылдардын чордонунда турган негизги борборлордун бири болууга тийиш, ал кабинет башчысына жардам берген окуучулардын демилгелерине, чыгармачылык изденүүлөрүнө, тыкандыгына, кооздукту сезе жана барктай билишине байланыштуу.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • «Кыргыз Адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы.»

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.
Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору.
Бишкек – 2004