Адабият таануудагы салыштыруу

Адабият таануудагы салыштыруу стилистика менен поэтиканын категориясы; троптун речте (ар кандай түрүндө) колдонула берүүчү жөнөкөй түрү. С. негизги төрт элементтен куралат: 1) окшогон нерсе; 2) окшотулган нерсе; 3) окшош белги; 4) окшоштукка кошумча каражаттар (-дай, -ча мүчөлөрү, сыяктуу, сыңары, окшош, түстүү, бетер, куду, өңдүү деген кошумча кызматчы сөздөр). Ушул төрт элементтин болушу С-ну түзүүнүн негизги каражаты болуп саналат, мисалы, Кашың көөдөй, чачың көмүр, көзүң от, Көрбөй калсам көңүл чиркин бук болот (А. Токтомушев).

Колдонулган адабияттар түзөтүү