Адал алуучу – ажыратып берүүгө акысы жок башка бирөөдөн, аны билбей, же аны билүүсү мүмкүн болбой туруп, бекерге эмес мүлк алган адам. адал алуучу ал мүлктү ээси же ал тарабынан ээлик кылууга берилген адам жоготуп ийген шартта, же андан же мындан уурдалып кеткенде, болбосо алардын эркинен тышкары ээликтеринен чыгып кеткенде кайра талап кылынышы мүмкүн. Акча, ошондой эле көрсөтүүчүнүн баалуу кагаздары адал алуучудан кайра талап кылынышы мүмкүн эмес. Эгер мүлк аларды берүүгө акысы жок адамдан бекер алынган болсо, менчик ээси баардык шарттарда кайра талап кылууга акылуу.


Колдонулган адабияттар түзөтүү