Адамдын социалдык укуктары

Адамдын социалдык укуктары – адамдын (же дайындуу мамлекеттин жарандарынын) белгилүү бир конституциялык укуктарынын жыйындысы, алар мамлекеттен материалдык убайларды (байлыктарды) алуу үчүн талаптанууга мүмкүндүк берет (белгилүү бир шарттарда). Адатта Адамдын социалдык укуктарына социалдык камсыздоого укуктуулук, билим алууга укуктуулук, ден соолукту сактоого жана медициналык жардамга укуктуулук, турак жайга укуктуулук, балдардын өзгөчө укуктары жана майыптардын укуктары кирет. Адамдын социалдык укуктары дүйнөдөгү баардык эле өлкөлөрдө конституциялык деңгээлде бекемделген эмес. Кыйла толугураак көлөмдө алар «социалисттик» жана «постсоциалисттик» делген мамлекеттердин конституцияларында жарыяланган. Кээ бир өнүккөн, ошондой эле өнүгүп жаткан өлкөлөрдө Адамдын социалдык укуктары экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жарыялана баштаган, бирок, адатта аларды соттук коргоо камсыз кылынган эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү