Баатырдыктын биринчи даражасы.
Октон-чоктон кайтпастан, алды-арты, аз-көбүнө карабастан, жоо миң киши болсо да жалтанбастан тоодон кулаган таштай чимирилип жалгыз качырып, күндүз, мейли түн болсун, тоо улуусу, аң-кемерди көзгө илбестен жоого тийип, жоону кайта-кайта аралап салышып, бытчытын чыгарып качырат. Же өзү талкаланат. Мындай баатырларды «Адамдын шери» деп атаган. Мындай баатырлар кыргызда боло келген, биринчи баатыр ушул.

Баатырлардын даражалары

Маалыматтын булагы түзөтүү