Адам укуктары боюнча комитет (БУУ)

Адам укуктары боюнча комитет – жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү 1966-жылкы Эл аралык пакттын IV бөлүгүнө ылайык, катышуучу мамлекеттердин Пакттын жоболорун ишке ашыруусун көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн келишимдик орган. 1976-ж. 20-сентябрда катышуучу-мамлекеттердин кеңешмесинде түзүлгөн. Адам укуктары боюнча комитет Пактка катышуучу-мамлекеттердин жарандарынан куралган өз аттарынан чыгуучу 18 мүчөдөн турат. Мүчөлөрдүн ыйгарым укуктары – 4 жыл. Өздөрүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн алар өздөрүнүн иш жүргүзүү жолжоболорун аныкташат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү