Аданов Жыргалбек
Аданов Жыргалбек 1973-жылы 4-майда Жалал-Абад облусундагы Сузакрайонунун Октябрь кыштагындатуулган.
- 1990-жылы Мичурин атындагы орто мектебин бүткөндөн кийин, Баку шаарындагы Жогорку Аскердик Командалык (БВОКУ) окуу жайына тапшырат.
- Советтер Союзу таркап кеткенден кийин, Алматы шаарында Жогорку Аскердик Командалык (АВОКУ) окуу жайына которулат да,
- 1994- жылы ийгиликтүү аяктап келип, Ош шаарындагы аскердик бөлүктө взводдун командири болуп кызматын өтөй баштайт.
- 1995-1999-жылдары Бишкектеги Борбор Азиялык( ЦАР) ротанын взвод командири, андан кийин ротанын командири болуп кызмат кылат.
- 1999-жылы жана 2004-жылдары тажрыйбасын өркүндөтүү үчүн, АКШ га курска барып окуп келген.
- Келгенден кийин, 2000-2004-жылдары Баткенге кирген банданы жок кылуу үчүн түзүлгөн атайын бөлүктүн командиринин орун басары болуп дайындалат.
- Баткендеги банда жок кылынгандан кийин, Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүккө батальондун командиринин орун басары, батальондун командири болуп кызмат кылган.
- 2008-2010-жылдары Москва шаарындагы, M. В. Фрунзе Аскердик Академиянын угуучусу болгон.
- 2011-жылы полковник наамын алып, Ош шаарындагы аскердик бөлүктүн командири болуп дайындалган.
- Кылган кызматы үчүн көптөгөн медаль, ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
- Аскердик чини полковник.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3