Адахан Мадумаров

Кыргызстандык саясатчы, президенттикке талапкер (2011, 2017)

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (1965-жылы 9-мартта, Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы) – мамлекеттик жана саясий ишмер. Тверь (Орусия) мамлекеттик университетин (1992), КМУну (1999) бүтүргөн. 1992–94-жылдары Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министрлигинде референт, «Түрк ааламы» гезитинин башкы редактору, КТРКнын алдындагы балдар жана жаштар телепрограммасында редактор, башкы редактордун орун басары, башкы редактор, 1994–95-жылдары саясий серепчи, 2005–06-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, 2006–07-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, 2008–09-жылы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеген. Жогорку Кеңештин депутаты (1995–2000; 2000–05; 2007–08). «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчиси (2010). КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын алтын медалы менен сыйланган.

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы
желек
желек
январь — 29-май 2008
Андан мурунку: Марат Султанов
Андан кийинки: Айтибай Тагаев
 
Дини: ислам
Туулган жери: Куршаб айылы, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: Бүтүн Кыргызстан
Билими: Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)
Кесиби: Журналист

Ишмердүүлүгү түзөтүү

Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри.
2006-2007-жылдары Кыргызстандын мамлекеттик катчысы.
2008-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы.
2008-2009-жылдары Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы.
2009-жылдан бери Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын төрагасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү