Адвекция (лат. аdvectio - жеткирүү) - 1) Метеорологияда - абанын горизонталдык багыт боюнча таралышы. Абанын касиеттерине жараша басымдык адвекция, жылуу же муздак адвекция, суу буусунун Адвекциясы жана башка деп ажыратылат. Адвекциянын таасиринен абарайы өзгөрөт. Мисалы, тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот. 2) Геологияда - тоотек катмарларынын тыгыздыгына байланыштуу алардын орун которушу. Тыгыздыгы анча эмес тоотек катмарлары нык тоотектердин үстүнө катмарланса адвекция жүрөт. Мисалы, туз катмарлары терриген чөкмөлөрүнүн астында жатып калса, кийин алар сыгылып чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1