Аддитивдүүлүк (лат. additivus - кошулуучу) - бүтүн чоңдуктун мааниси анын тиешелүү бөлүктөрүнүн маанилеринин суммасына барабар болушун туюнткан касиет. Мисалы, көлөмдүн аддитивдүүлүгү бүтүн нерсенин көлөмү аны түзүүчү бөлүктөрдүн көлөмдөрүнүн суммасына барабар экендиги. Аддитивдүүлүккө беттин аянты, сызыктын узундугу, нерсенин массасы жана башкаларга ээ болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1