Аден шаары - Йемен Республикасындагы шаар; Аден мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 568,7 миң (2003). Араб деңизинин Аден булуңундагы транзиттик порт (жылына 12,2 млн т жүк ташылат). Өлкөнүн экономикалык жана соода борбору. Экономикасынын негизин Суэц каналы аркылуу өткөн кемелерди тейлөө түзөт. Баб-эль-Мандеб кысыгына жакын жайгашкан. Эларалык аэропорту бар. Нефть ажыратуу, кеме ремонттоо, текстиль, тамак-аш өнөр жайы, университет иштейт. Сыртка нефть, айыл чарба продуктулары, балык сатылат. Байыркы убактан эле грек, рим географтарына Адана же Асана деген ат менен белгилүү. 1839-1967-ж. - Улуу Британиянын ээлиги.

Аден.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1