Аденауэр Конрад - (5. 1. 1876 -19. 4. 1967) Германиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. ГФРди негиздөөчүлөрдүн, анын Негизги мыйзамынын (конституциясынын) авторлорунун бири. 191733-ж. Кёлнь шаарынын обер-бургомистри, 192032-ж. Пруссия Мамлекеттик кеңешинин төрагасы. Веймар Республикасынын (1919-33) тушунда «Ортолук» партиясынын көрүнүктүү ишмери болгон. Фашисттер бийликке келгенден кийин Аденауэр мамлекеттик кызматтардан четтетилип, 1944-ж. Гитлерге каршы козголоңдон кийин камакка алынган. Согуштан кийин Аденауэр ГФРдин алгачкы федералдык канцлери (1949-63), 1951-55-ж. тышкы иштер министри болуп иштеген. Христиан-демократиялык Союздун (1946) негиздөөчүлөрүнүн бири жана 1950-жылдан анын төрагасы. Аденауэр согуштан кийинки Германиянын экономикасын өнүктүрүүдө жана демократиялуу мамлекетке айландырууда зор салым кошкон. Анын башкарган мезгили ГФРдин тарыхында «Аденауэр доору» аталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1