Аденин — 6 аминопурин, пурин негизи. Гуанин жана пиримидин негиздери менен бардык жандуу клеткаларда нуклеин кислоталарынын курамында (ДНК жана РНК) белгиленген. Клетканын биоэнергетикасында биринчи ролду ойногон аденозинфосфор к-таларынын, гормондорун ирээтке салуунун өтө маанилүү өзөгү — циклдүү 3',5' аденозилмонофосфаттын (ЦАМФ), коферменттердин (НАД+, КоА, НАДФ+, ФАД) жана башка заттардын структуралык компоненти.

Аденин

Булактар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4