Аденовирустар (гр. aden - без жана вирустар) - киши жана жаныбарларда бир катар ооруларды пайда кылуучу микроорганизмдердин чоң тобу. Алар кишинин аденоид жана бадам безинен табылган. Аденовирустар дем алуу органынын катуу кармоочу бир катар оорусу, конъюнктивит, энтероколиттер, пневмония ж. б. Алар антибиотиктерге, төмөнкү температурага жана сырткы чөйрөнүн түрдүү шарттарына туруктуу. Ультракызгылт көк нурдун таасиринен, 5%түү формалин жана фенол эритмесинде өлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1