Адеп-ахлактуулук (орус. Нравственность) – коомдук турмуштун, коомдун өнүгүшүнүн жана тарыхый прогресстин эң маанилүү жана маңыздуу факторлорунун бири, мораль.

Коомдун мүчөлөрүнүн сезимдеринин, умтулууларынын жана кыймыл-аракеттеринин башка адамдардын сезимдери, умтулуулары жана кыймыл-аракеттери, алардын жана бүтүндөй коомдун кызыкчылыктары жана баалуулуктары менен өз ыктыярдуу шайкеш келүүсү аркылуу аныкталат. Ыктыярдуулук жана көпчүлүк менен макул болуу Адеп-ахлактуулуктан бардык кубулуштарына мүнөздүү белгилер. И. Канттын пикири боюнча, Адеп-ахлактуулуктуу сезим «жалпы эрктен белгилүү бир деңгээлде көз каранды жеке эрк» болуп эсептелет. Адеп-ахлактуулуктун маңызы этиканын предмети болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү