Адетальдегид, уксус альдегид и, СНзСНО - кескин жыттуу, түссүз суюктук, эрүү t 124°C, кайноо t 20,8°С Суу, спирт жана эфир менен барлык көлөмдө аралашат.

Касиеттери альдегиддерге окшош, алъдолдук конденсация реакциясына оңой кирет: 2СН3СНО ->- СНзСН(ОН) - СН2-СНО. Минерал кислоталарынын катышуусунда паральдегидге (СНзСНО)з жана метальдегидге (СНзСНО)4 полимерленет. Бул эки полимерди күкүрт кислотасы менен кошуп ысытканда, Адетальдегид пайда болот. Адетальдегид сымап тузунун катышуусунда ацетиленге суу кошуу менен 95°Сде алынат (Кучеров реакциясы).

Адетальдегид уксус кислотасын, уксус ангидридин, бутадиенди, ацетальдолду, жасалма чайырларды алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.