Адиб Ахмед Жүгинеки

түзөтүү

XII—XIII кылымдарда Карахан түрк мамлекетинде өмүр сүргөн өтө көрүнүктүү акын. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалымат жокко эсе. Анын биздин доорго чейин сакталып жеткен «Хибатул-хакайык» («Акыйкат сыры») деген жалгыз дастаны бар. Дастан таза түрк тилинде жазылса да, акын чыгарманын атын «Хибатул-хакайык» деп арабча койгон сыяктуу. «Акыйкат сыры» — дидактикалык багыттагы чыгарма. Дастандын сюжети жок. Акын окурманга ыйман, адеп, адалдык, билим, адамкерчилик жана адам кандай өмүр сүрүү керектиги жөнүндө акыл-кеңеш айтат.

Колдонулган маалымат булактары

түзөтүү