Адигине уулу Мамбет (1882-1978) зергер. Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылында орто чарбанын үй-бүлөсундө туулган. Колхоз чарбасын уюуштурууга жандуу катышкан. Улу Ата Мекендик согуш учурунда колхоздун устаканасын кармаган. Аны менен катар зергерчиликти өркүндөткөн. Улуу усталар Токтосун Кебектин көмурун өчурушуп көөругун басып устакерчиликтин сырларын туят да өз чөйрөсундө бала уста атанган. Көбунчө кыз-келиндердин зер жасалгаларына ат жабдыктарына узанган.
Чеберде терини малмаага салуунун –кайыш жана кол булгаары жасоонун башкараак ыкмасы болгон. Ал жыдыттуу үчүн сууга салынган терини суудан алып чыгып кайрадан тоборсутуп чоң жыгач челекке айранды тузду жана улпакты аралаштырып ашаткы кылган. Ага чылгый терини салган. Бул малмага салуу же бодонун терисин ашаткыга салуу деп аталат. Кайыш булгаарыжасооүчүнбодонун кайберендин кээде майда жандыктын терисин да малмага салган. Тери малмага салаарда челденген. Аны күн алыс аралаштырып тери ашаткыны боюна тарткандан кийин (5-7 күн) алган. Челектен чыккан терини кайрадан агын сууга шапшып анан талкууга койгон. Же болбосо суу куюлуп белгилүү өлчөидөун салынып туз татылган челекте жыйырма отуз күн жаткан теринин кез-кез аралаштырып турган. Аны тоборсуган чакта алып,талкууга үч сааттай ийлегенде кадимкидей эле аппак кайыш пайда болгон. Мындан ат жабдыктарынын бөлүктөрү кармалган.
Мамбет устанын үзөңгү куюучу клыбы беш бөлүктөн турган. Ошол бир нече бөлүк темир кайра жик-жиги менен куралып кепшерленген ысыткан. Жезди чопо чөйчөктө эритет. Эгер үзөңгү калып муздак болсо,эритилип куюлуп жатканда буга сорпо куйган. Мунун калыптан чыгарууга оңойлугуна карап уста автолинди да колдонгон.
Улуу Аскарбек ата өнөрүн улоодо.