Адистештирилген спорт клубу

Адистештирилген спорт клубу - бир же бир нече спорттун түрү боюнча жаштарды тарбиялап, машыктыруучу уюм. Кыргызстанда алгачкылардан болуп ат спорту боюнча республикалык спорт мектеби Бишкек шаарында 1952-ж. ачылган. Эң жакшы спорт базасы - жабык манежи, эки машыгуу талаасы, спорт залы, 800 аттык сарайы бар. Бул мектептен Н. Огородникова жана С. Мурсалпмов, А. Блинов сыяктуу атактуу спортчулар чыккан. Футбол боюнча республикалык балдар, уландар үчүн спорттук олимпиялык резервдер мектеби (Бишкек шаары) 1970-ж. түзүлгөн. Анда учурдун талабына жооп берген 3 чоң футболдук аянтча, атлетикалык зал бар. Мектепте иштеген Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыргычтары - Р. И. Бибаев, И. 3. Карабаджак, Ю. И. Мусаев, Г. Ф. Мерзликин жана башка. Бул мектепте тарбиялангандардан эң атактуусу С. Фокин, Д. Калашников жана башка. Мектептин азыркы мезгилдеги жетекчиси М. Кошалиев. Оор атлетика боюнча олимпиялык резервдерди даярдоочу балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби (Бишкек шаары) - оор атлеттердин негизги борбору. Бул мектептен тарбия алгандардан К. Осмоналиев, С. Ли, У. Молдодосов, М. Шарипов жана башка. 2005-ж. Кыргызстанда 92 спорт мектептери иштейт, алардын он экиси олимпиялык резервди даярдоо мектеби болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1