Адмиралтейство аралдары

Адмиралтейство аралдары - Тынч океандагы аралдар тобу. Жанар тоодон жана шуру (коралл) аралдарынан турат; Бисмарк архипелагында. Арал Папуа - Жаңы Гвинея мамлекетинин аймагы. Аянты 2072 км2, эң чоң аралы Манус (1600 км2). Калкы 40 миңдей. Бийиктиги 718 мге чейин (Манус аралында). Айрым аралдары токой менен капталган. Кокос, пальма плантациясы бар. Балык кармалат. Башкы шаары - Лоренгау. Аралда европалыктардан алгачкы жолу 1527-29-ж. испан деңиз саякатчысы А. Сааведра болгон.

Адмиралтейство аралдары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1