Аднексит — жатын кошумчаларынын (жатын түтүгү жана энелик бездин) сезгениши.

Аны ар кандай оору пайда кылуучу микробдор (стафилококк, стрептококк, гонококк жана башка) жугузат. Аднексит кээде жатынга ар кандай химиялык заттарды (мисалы, иод, спирт) куюудан да болот. Микробдор жатын кошумчаларына жатын кынынан, жатындан аборт (негизинен криминалдык абортто), төрөт, жыныстык катнашуу мезгилинде, ошондой эле ар кандай жугуштуу ооруларда (туберкулёз, ангина, ички органдардын сезгенүү ооруларында), башка ткандардан, органдардан кан жана лимфа аркылуу келиши мүмкүн. Оорунун өөрчүшүнө суук тийүү, өтө чарчоо, нерв-психикалык бузулуулар, өздүк гигиенаны сактабоо түрткү болот. Катуу кармаган А-те ичтин төмөн жагы ооруп, айрыкча заңдаганда, заара кылганда, күч эмгегин жасаганда күчөйт. Дене ысыйт (39° Сге чейин), жүрөк айланып, кусат, ич көбөт, жалпы абал начарлайт. Үйдө дарыланууда врачтын көрсөтмөлөрүн так аткарып, дарыны убагында кабыл алуу керек. Ичке жылыткыч басуу жарабайт, себеби ал сезгенүү процессин жайылтып, ооруну ырбатат. Күнүгө өз убагында заңдап, заара кылуу зарыл, жыныстык катнашууга болбойт. Дене ысыбай, ооруган жер басылып, өзүн жакшы сезип калуу оорудан толук айыгып кеткендикке жатпайт. Ошондуктан каксыз айыкканга чейин дарылануу керек, ансыз оору создугуп, өнөкөткө өтүп кетет.


Өнөкөт Аднексит суук тийгенде, өтө чарчаганда, айыз мезгилинде, операциядан (тазалоодон) кийин кармашы мүмкүн. Мында оору күчөп, дене ысыйт, этек кир цикли бузулуп, арбын келип, көпкө созулат. Жатын түтүктөрүнүн сезгенүүсүнөн алар жабышып калып, жатындан сырткары бойго бүтүүнүн, төрөбөй калуунун себептери болот. А-тин 2—3 жылдан ашык созулушу аялдын нерв-эндокриндик бузулууларына, неврозго, семирип же өтө арыктап кетүүсүнө, айыз циклинин бузулушуна алып келет. Дарылоо узак жана такай жүргүзүлүш керек: Ал үчүн оорулуу сабырдуулук жана чыдамкайлык менен дарылануусу зарыл. Дарылоодо ар кандай дары-дармектер, физиотерапиялык процедуралар, санаторий курорттордо дарылоо, айыктыруучу гимнастика жана башка жакшы натыйжаларды берет. Дарылануу убагында врачтын көрсөтмөлөрүн үзгүлтүккө учуратып, өз алдынча дарыларды кабыл алуу жарабайт; андан таза айыкпай, оору бат-бат кармайт. Дарыланып жүргөндө бойго бүтүүдөн сактанган оң. Эгерде бойго бүтсө аборт жасатууга болбойт, анткени ал ооруну күчөтүп жиберет. Кош бойлуулук бул оорудан аялдын айыгып кетүүсүнө түрткү бериши мүмкүн. Өнөкөт А. кармап калбаш үчүн үшүбөй, суукта жылуу кийинип жүрүү керек. Бутка суу өткөрүүгө, ным жерге, ташка отурууга болбойт. Аднекситтин алдын алуу үчүн капысынан болгон жыныстык катнашуудан, аборттон сактануу, өздүк гигиенанын эрежелерин аткаруу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8