Адрестүүлүк (ЭЭМде) - электрондук эсептегич машинанын командасындагы адрестер саны. Адрестүүлүк аткарылып жаткан операциялардын байланыштуулугуна жана мүнөзүнө, машинанын разряддык торунун узундугуна, оперативдүү эске тутуучу түзүлүштүн сыйымдуулугуна жана структурасына жараша аныкталат. Адрес саны боюнча командалар бир, көп адрестүү жана адрессиз болуп бөлүнөт. Машиналардын адрестүүлүгү туруктуу жа өзгөрмө болуп айырмаланат. Туруктуу адрестүүлүктө командалар кодундагы адрестердин саны өзгөрбөйт. Өзгөрмө адрестүүлүктөгү машинада эсептөө учурунда 4 адрестүү команда системасынан 3 адрестүү команда системасына өтүүгө мүмкүн болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1