Адрианополь тынчтык келишими (1829)

Адрианополь тынчтык келишимиОрусия менен Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828-29-ж.) жыйынтыгында кол коюлган. 1829-ж. 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне шаары) шаары да 25 жылдык мөөнөт менен кол коюлган. Келишим боюнча Дунайдын Чаты аралы менен Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань дарыясынын чатынан Ажариянын түндүк чегине чейин, ошондой эле Ахалкалаки жа Ахалцик чептери чет жакасы менен Орусияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын жана Эриван, Нахичевань хандыктарынын Орусияга кошулушу ырасталган, орустардын жана чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор менен Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия жана Валахия) автономияга ээ болушкан. Адрианополь тынчтык келишимин түзүү менен орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги аймактарын Орусияга кошуп бүткөн; Молдавия, Греция, Валахия жана Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1