Адсорбция - газ же суюк заттын (адсорбаттын) молекулаларынын суюк же катуу нерсенин (адсорбенттин) бетине топтолушу.

Адсорбциянын жеке түрү болуу менен беттик кубулуштардын маанилүү тибине кирет. Адсорбенттин беттик катмарындагы компенсацияланбаган молекулалардын өз ара аракеттешүү күчүнүн натыйжасында, ошол бетке жакын жайланышкан адсорбенттик молекулалардын тартылышы Адсорбция кубулушунун негизин түзөт. Адсорбциянын негизинде беттик энергия азаят. Адсорбат жана адсорбенттин молекулаларынын аракеттешүүсүнүн мүнөзүнө жараша физикалык Адсорбцияга жана хемосорбцияга ажырайт. Физ. Адсорбциянын негизинде адсорбенттик молекулалардын электрондук структурасы өзгөрүүгө дуушар болбойт, анткени физикалык Адсорбциянын жүрүшүнө молекулалардын өз ара аракеттешүүлөрү негизги себепчи болот. Хемосорбция негизинде адсорбат жана адсорбент молекулаларынын ортосундагы химиялык байланыштын негизинде беттик катмардын өлчөмүнө жараша химиялык реакция жүрөт. Кээ бир учурларда физикалык Адсорбция жана хемосорбция бир эле бетте, бир эле мезгилде өтүшү мүмкүн. Температуранын жогорулашы менен адсорбцияланган молекулалардын саны азаят да физикалык Адсорбциянын өтүү ылдамдыгы кичиреет, хемосорбциянын өтүү ылдамдыгы жогорулайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү