Адъюдикация
Адъюдикация (лат. аdjudication – соттоо, соттун чечими) – аймактык талаш-тартыштарды эларалык арбитраж, же сот аркылуу тынчтык жолу менен чечүү ыкмасы. А. талаш-тартышты арбитражда, же сотто кароодо талашкан мамлекеттердин, жалпысынан, талаш аймактарга ээлик кылууга жетиштүү укуктук негиздердин болуусун талап кылгандыктан, жыйынтыгында талаш туудурган аймактарды ээлеп алуунун укуктук жолу болуп саналат.
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7