Адырашман, ысырык (лат. Peganum) - жуп жалбырактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. Адырашмандын 6 түрү белгилүү. Узун тамыры ылдый тик өсөт. Сабагы 25 смге жетет, өтө бутактуу. Жалбырагынын узундугу 3-6 см, майда тилкелүү, гүлү ак же саргыч, ар бир бутагынын учунда 2 - 3төн жайгашкан. Мөмөсү - тоголок кутуча, май, июлда гүлдөп, августта уругу бышат, уругу каракүрөң түстө. Топурагы шор өрөөндөрдө, короо айланасында, такырларда өсөт. Уругунан гармин, гармалин алкалоиди алынат. Мал жебейт. Кыргызстандын көп жеринде кадимки адырашман өсөт. Кургакчылыкка өтө чыдамдуу. Илгертеден эл арасында дарылыкка пайдаланышкан, өзгөчө малдын котурун дарылоодо колдонулат. Тумоологон адам жаткан бөлмөнүн абасын тазартуу үчүн адырашманды түтөтөт.

Peganum harmala

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1