"Ажал дептери" (жапон. デスノート , хэпбөрн: Desu Nōto) – Цугуми Обой жазган, сүрөттөрүн Такэси Обата тарткан жапон манга сериялары. Бул мангада мектептин жогорку класстарынын окуучусу Лайт Ягаминин синигами Рүктан кожоюнуна, жүзүн жана атын билген кимдир бирөөнү өлтүрүү мүмкүнчүлүгүн берген, табияттан тышкары турган күчтөргө ээ болгон дептер бар болгонун үйрөнөт. Серияларда Лайттын дептердин жардамы менен “Кудай” катары “жамандыктан тазаланган” дүйнө куруу аракеттери жана L аттуу тыңчынын анын пландарын бузуусу баяндалат.

Ажал дептери.

“Ажал дептери” 2003-жылдын декабрынан 2006-жылдын майына чейин Shueisha корпорациянын Weekly Shōnen Jump манга журналында сериялашып чыккан. 2004-2006-жылдардын аралыгында манганын 108 баптары бирге чогултулуп 12 танкобон форматындагы китеп болуп чыккан. Манганын анимацияланган телевизиондук адаптациясы Жапонияда 2006-жылдын 3-октябрынан 2007-жылдын 26-июнуна чейин көрсөтүлгөн. 37 эпизоддон турган аниме Madhouse компаниясы тарабынан жетектелип, режиссеру Тэцуро Араки болгон. Сериялардын окуясында негизделген Нисио Исин жазган жеңил сюжеттүү роман 2006-жылы жарыкка чыккан. Буларга кошумчалуу Konami оюн компанисы Nintendo DS чөнтөк оюнчукка ылайыктуу видео оюндарды чыгарган. Манга сериялары Жапонияда 2006-жылдын 17-июнунда, 2006-жылдын 3-ноябрында жана 2008-жылдын 2-февралында чыккан үч жандуу аракеттүү тасмаларга жана 2015-жылкы телевизиондук драмага адаптацияланган. Манганын "Ажал дептери: Жаңы муун" (англ. Death Note: New Generation) аталышындагы кыска метраждуу сериялары жана төртүнчү тасмасы 2016-жылы чыккан. Манганын болочок америкалык тасмасынын көргөзүүсү Netflix каналында, 2017-жылдын 25-августуна пландалган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү